Emilbek Joroev ist bei Facebook. Um dich mit Emilbek zu verbinden, tritt Facebook noch heute bei.
Emilbek Joroev ist bei Facebook. Um dich mit Emilbek zu verbinden, tritt Facebook noch heute bei.
Emilbek Joroev, profile picture

Бир нерсе окуп калдым азыр, Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси (же жардамчысыбы, билбейм), Мурат Укушев жазган экен, өзү "эмгек сиңирген юрист" экен Кыргызстандын. Дароо айта кетейин, демократия темасын көп жылдар бою окуган киши катары айтайын (кээде, "эмгек сиңирген юристтер" демократияны анчейин биле бербегендей), макала эң эле уялаарлык, псевдо-интеллектуалдык, жалганы аралашкан, катасы толтура, пропагандалык мазмуну "илимий" тилге оролгон, бир карасаң поэзия, бир карасаң фарс - кыскасы, "биздин мамлекет башчыга кеңеш берген, ишенген мээлердин бири ушул болсо, анда" деп башты кашылап калчу макала экен.

Демократия жөнүндө бир чоооң бүркүм сөз айтыптыр, анысын кыскартып келсе, 2-3 пункт айткысы келиптир:
- Дүйнөдө демократиянын 3 модели бар экен (туура эмес, айта кетейин, өзү эле ойлоп тааптыр) - классикалык (грек), европалык, жана азиялык. Кыргызстан азиялык демократияга бурулушу керек экен.
- Батыш/Европа демократиясы чирип, өзүнөн өзү жок болуп баратыптыр, анын эң эле чоң ооруусу - ЛГБТ экен (окуп жатып, Укушев өзү ошол маселеден башканы билбей калган окшойт дедим)
- Азиялык демократия модели дегенде эле, эч ким билбеген жаңылык ачкансып, Сингапурдун лидери Ли Кван Юну кечке цитаталарын келтирип мактаптыр.
- Эми, Кыргызстан Сингапур сыяктуу Азия өлкөлөрүнө кайрылып, чыныгы жарамдуу демократия курушу керек экен: а дегени, жарандык коом уюмдарын жокко чыгарыш керек экен (мамлекет жарандык коомдун ролун өзү ойнойт экен), жеке жарандар жалпы коомго баш ийиш керек экен (а жалпы коом ким экенин, эмне ойдо экенин, албетте, мамлекет Укушев сыяктуу рупорлор аркылуу чечет ко), биринчи орунда тартип, баш ийүү туруп, эркиндик, тандоо сыяктоо нерселер четте туруп турушу керек экен... Кван Ю Сингапурда демократияны авторитардык ыкмалар менен куруптур, баса.

Эми, президент өзү кызыкса, же мамлекеттик катчы өзүнүн ишинин алкагында кызыкса, мындай килейген, мамлекет үчүн ары маанилүү, ары зарыл, ары интеллектуалдык жагынан кызыктуу да, табышмактуу да болгон темада, ачык-айрым диалог курсак сонун болмок. Бул Мурат Укушев сыяктуу жомокчулар, өзү жакшы көргөн Геббельске теңелип саясий бир ботко бышырып сала электе.

Азырынча айта кетейин: демократиянын 3 эмес, керек болсо 30 модели да бар, керек болсо ар бир мамлекеттин демократиялык башкаруусу уникалдуу; эч ким, эч кайсы коом ЛГБТ болуп кете элек, болбойт дагы, Укушев андан эч кам санабаса болот. Сингапурдай болуу бизге - кыргызга - жакпайт дагы, жарашпайт дагы, ишке ашпайт дагы, кыялданбай эле койгон оң. Бирок мамлекеттик башкарууда, экономика башкарууда Сингапурдан да, Германиядан да, АКШдан да ала турган өрнөктөр толтура.

Демократия чындыгында татаал, анын азыркы акыбалы да оңой эмес. Бирок Кыргызстан өзүбүзгө жакчу демократия курууга укугубуз да бар, жолубуз да ачык. Чала-чарпык угуп алып эле жаркыраган Сингапурдун жолуна бассак жыргайбыз деп адашпайлы. АКШдай да болбойбуз, коркпогула. Бирок демократиянын бардык моделдерин бириктирген, баарына орток, ар бир жаранга жагымдуу принципьер бар, ошолорду тактап алып, бизде алар кантип ишке ашуусу мүмкүн экенин талкуулоо зарыл.

Emilbek Joroev, profile picture
Emilbek Joroev
Баса, мен айткан макала Акипресстин "Мнения" деген турмогундо. Ал жакта кийин карасам, Укушев бир топ эле опустарын жазыптыр. Баарында эле бир максаттуу ой жатыптыр - сөз эркиндигин, жарандык эркиндиктерди, жарандык эркин уюмдарды муунтуп, алардын аракеттерине бөгөт койуу. Ошол максатты көздөпр ушундай поэзияга берилип кетиптир, чиркин. Уялдым, чындап, биздин улуттун билермандары, акылмандары, илимпоздору ушул болсо деп. "Каша в голове" у этого маленького Геббельса. И баса, макалалары орус тилинде жазылган, издеп калсаңар.
9 Mon.Melden
Каныбек Иманалиев, profile picture
Каныбек Иманалиев
Эмил мырза, оюңузга толук кошулам
9 Mon.Melden
Анархан Алтымышова, profile picture
Анархан Алтымышова
Ужас...
9 Mon.Melden
Zhomart Saghyndyk, profile picture
Zhomart Saghyndyk
Орыстардын идологиясына сугарылып калган «илимий интеллигенция» 90% ушундай. Прогресстин чыныгы тормоздору жана «советтик фундаменталисттер» ушулар
9 Mon.Melden
Максат Исмаилов, profile picture
Максат Исмаилов
Биз демократ лидерди кантип тандайбыз?
Блогер кезинде демократ, жоопкерчилик алганда автократ болуп атышат?
9 Mon.Melden
Арсыкан Момунтаева, profile picture
Арсыкан Момунтаева
Ушундай түшүнүктүү,жеткиликтүү далилдерге таянып,мыкты пикир жазыксыз, сизге ырахмат автор!
9 Mon.Melden
Нургуль Эсенаманова, profile picture
Нургуль Эсенаманова
Бул статьяны ачкан дагы жокмун. Бирок сиздин анализден, тушунгонум боюнча автор «дискурс» жаратымыш этейин деген сымал.
9 Mon.Melden
Saifidin Bakirov, profile picture
Saifidin Bakirov
Биз радио укпай көп нерседен артта калып жатыптырбыз. Айылга барып бир нече күндүн ичинде, айылдагылар уккан радионун жаңылыктары Кыргызстанды өнүктүрүп салыптыр эки жылдын ичинде. Айтайын дегеним, жогорудагы макаланын автору сыяктуу кишилердин пикирлери карапайым элге жалган же чындыгына карабай жайылып жатат.
9 Mon.Melden
Нургуль Эсенаманова, profile picture
Нургуль Эсенаманова
Эмиль мырза, туура жооп! Дайыма сизге окшогон кесипкой адистер, демократия боюнча темаларды чаккандар мындайларга жооп бериш керек!
9 Mon.Melden
Сарвар Турдибоев, profile picture
Сарвар Турдибоев
Двоечниктер уялбай, суйлоп калган заман болду.
9 Mon.Melden
Torobek Junusov, profile picture
Torobek Junusov
Бриллиант кеңешчи бекен 😎
9 Mon.Melden
Темирбек Гапыров, profile picture
Темирбек Гапыров
Эн туура айтасыз.
9 Mon.Melden
Aidar Paida, profile picture
Aidar Paida
Бесхребетный тип, слизняк.
9 Mon.Melden
Tynchtykbek Chorotegin, profile picture
Tynchtykbek Chorotegin
Кээ бир укукчулардын деңгээли алар өз ЖОЖдук дипломун филармониянын жанындагы жер астындагы өткөөлдөн сатып алышкан го деген шектүү ойду жаратат. Өтө кейиштүү.
9 Mon.Melden
Abdylkayir Eshmamatov, profile picture
Abdylkayir Eshmamatov
Агай, кыргыз тилинде жазып иштин "майын" чыгарыпсыз. Биздин коомдо сиз сыяктуу дасыккан адистердин кыргыз тилиндеги макалалары, өзгөчө консервативдүү катмарды чочуткан ойлорду, идеяларды туура жеткирүүдө чоң салым десем болот. Рахмат.
9 Mon.Melden
Kanatbek Muratbekov, profile picture
Kanatbek Muratbekov
Сингапурдун ийгилиги дагы кичине апыртылгандай. Билесиздерби ал жердеги наркоманияны??? Ал жердеги тандалма жазага тартуулар тууралу дагы кабарлар бар...
9 Mon.Melden
Kayrat Dzhamangulov, profile picture
Kayrat Dzhamangulov
Сингапурдукун алсак алардын бийлиги өзү Англияда окуп демократия канында болгон, демократиялык бийлик десе эч ката кетпейт.
9 Mon.Melden
Aibek Tenizbaev, profile picture
Aibek Tenizbaev
👏🏻
9 Mon.Melden
Мир Сулайман Уулу, profile picture
Мир Сулайман Уулу
https://www.facebook.com/100070691235675/posts/244614684571571/
Бизде ушундай демократия.

Ош өзүнчө эле Сицилия. Топтолгон чөөлөр! Ош шаарында ушундай окуя болуптур. ОПГ лар башкарган заман. ИлгериMehr мушташсак деле эркекче болуп, бирме- бир чыгып, же жыгылганды сабагандар болчу эмес эле... Мына шакалдар жооп беришсин баары!

Video abspielen
9 Mon.Melden
Zhyldyz Smanbaeva, profile picture
Zhyldyz Smanbaeva
Укушев укуктук болумдун башчысы б.а. баардык документтер ушул болумдун колдоосун алмайынча президент кол койбойт, денгээлин эми кордунуздор
9 Mon.Melden
Эля Абды, profile picture
Эля Абды
Автор, вы просто гений! Подписываюсь под каждым вашим словом! Сиздей билимдуу инсандар бийликте жок болгону учун, ушундай маймылдар суйлоп атпайбы! Оозу кыйшык болсо да, байдын баласы суйлосун деген заман болбодубу!))))
9 Mon.Melden
Elaman Toktoshev, profile picture
Elaman Toktoshev
👍👍👍👍 эң туура
9 Mon.Melden